Камчыбек Ташиев Нарындагы балдардын оюн-зоок борборунун курулушу менен таанышты
Новость

Камчыбек Ташиев Нарын шаарында курулушу башталган жабык түрдөгү заманбап балдар оюн-зоок борборунун курулушу менен таанышты. Бул долбоор Президент тарабынан Нарын шаарынын өнүгүүсүнө бөлүнгөн 807 млн. сомдун алкагында каржыланып, курулушка 94 млн. сом жумшалат.

Борбор жайгаша турган 6 700 чарчы метр жер аянты мурда жеке менчикке таандык болуп, 45 млн 270 миң сомго бааланган. Атайын иликтөөдөн кийин ал муниципалдык менчикке өткөрүлүп алынган.
Өз сөзүндө Камчыбек Ташиев: «Балдарга көңүл бурганыңар эң жакшы. Алар — биздин келечегибиз. Аларга карата бүгүнкү камкордук — эртеңки келечек», — деп белгиледи.

Камчыбек Ташиев курулуш аянтындагы иштерди ыкчамдатууну жана сапаттуу бүтүрүүнү тапшырды.