Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн Нарындагы иш сапарынын алкагында облуста жасалып жаткан жумуштардан маалымат алып, айрым обьектилердин курулушу менен таанышты.
Алгач калаадагы реконструкциядан өтүп жаткан автобекеттеги жумуштар менен таанышкан соң, Инновациялык креативдүү демилгелер борборунун жана балдар оюн-зоок борборунун курулушун көрдү. Анда ал курулуштун сапатына өзгөчө көнүл бурууну тапшырып, анда түзүлгөн шарттар элге ыңгайлуу болуусун белгиледи.
Андан соң атайын кызматтын төрагасы калаанын Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтында эл менен жолугуп, Нарын облусуна быйыл өзгөчө көңүл буруп жатканын айтты: “Президент бизге бийик тоолуу шарттагы Нарын облусуна өзгөчө көңүл бурууну тапшырды. Ошону менен Нарын шаары менен ар бир райондо инфраструктураны жакшыртып, элдин жашоосуна ыңгайлуу боло турган шарттарды түзүү боюнча алдыбызга тапшырма койду. Ошол тапшырмаларды аткаруунун негизиинде Нарынга экинчи ирет келип жатам. Биз жөн эле көз боёмочулук эмес, накта элге жардам бере турган, элдин турмуш тиричилигин өзгөртө турган өзгөрүүлөрдү жасашыбыз керек. Ар бир аткарган жумушубуз практика жүзүндө элге пайдалуу болушу зарыл, көз боёмочулукка президентибиз жол бербейт.
Нарын облусу боюнча 127 обьект курулуп жатат. Бул үчүн быйыл эле 15 миллиард сом бөлүнгөн. Бул каражатты өздөштүрүш үчүн көптөгөн техникалар жана куруучулар керек. Андыктан миграцияда жүргөн балдар кайтыш керек. Президент дагы мигранттарды кайтарабыз деген. Мына убакыт келип жатат. Мигранттар кайтып келип иштесин, жумуш өтө көп. Мунун бардыгы пландын негизинде келе жатат. Төрт жыл мамлекетибиздин тышкы чек арасынын коопсуздугун сактоо боюнча жумуштарды аткардык. Өзбекстан, Тажикстан менен чек арабызды бүтүрдүк. Бүгүнкү күндө Кыргызстан толук бойдон чек аралары такталган, юридикалык макамдарына ээ болгон толук суверендүү мамлекет болду. Чек аранын ар бир метри такталды.
Эми ички чоң маселелерди чечүүгө кириштик. Нарында эле эмес мамлекеттин бардык региондорунда жумуштар жүрүп жатат. Быйыл Нарынга көбүрөөк көнүл бурулуп жатат. Нарын облусунун борбору - Нарын шаарын ирээтке келтирип алсак, андан кийин ар бир районду иретке келтиришибиз керек. Азыр курулуп жаткан оорукана, мектеп, бала бакча, жолдор элдин талабына ылайык, сапаттуу курулуп бүтүшү керек. Көз боёмочулук деген болбош керек. Себеби бул жумуштардын бардыгы өзүбүздүн элге, өзүбүз жашай турган жерибизге жасалып жатат”, - деди Камчыбек Ташиев.
Иш-сапар алкагында Камчыбек Ташиев Нарын районуна жалпы наркы 70 миллион сомду түзгөн 10 атайын техниканы тапшырды. Бул техникалар аталган райондун жети айыл өкмөтүнүн муниципалдык ишканаларынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында мамлекет тарабынан ар бирине 10 миллион сомдон бөлүнгөн каражатка алынган.