Кыргызстанда көп кабаттуу үйлөрдөгү ижарага берилген батирлерди көзөмөлдөө сунушталууда. Мамлекеттик салык кызматы Салык кодексине өзгөртүү киргизүүнү сунуштап, ага ылайык турак жай менчик ээлеринин шериктиктери (ТМЭШ) жана үйлөрдү тейлөөчү компаниялар ижарага берилген батирлер тууралуу маалыматты салык органдарына берүүгө милдеттүү болушу мүмкүн.
Салык кызматынын маалыматына караганда, мындай өзгөртүү коомдук тартипти сактоо жана ижарадан киреше тапкан жарандардын салыгын толук төлөтүү максатын көздөйт.
Салык кызматына тургундардан даттануулар көп түшөт. Айрым батирлер күнүнө же айына ижарага берилип, ижарачылар ызы-чуу чыгарып, коңшуларга тынчтык бербейт. Мындан тышкары, мындай батирлердин ээлери салыгын төлөбөй жатат деген шек бар.
Азыркы учурда текшерүү жүргүзүү кыйын. Анткени, батирдин ээлери эшик ачпай коёт же ижарачыларды “туугандарым” деп көрсөтөт. Ошондуктан, ТМЭШ жана тейлөөчү компаниялардан түздөн-түз маалымат алуу сунушталууда.
Эгер мыйзам кабыл алынса, Салык кызматы алынган маалыматтардын негизинде текшерүү жүргүзөт. Салык төлөбөгөндөр жоопкерчиликке тартылат.
Салык кызматы бул демилге бюджетти толтуруу үчүн эмес, тартип жана адилеттүүлүктү камсыздоо үчүн сунушталып жатканын белгилейт. Эгер коомдук талкууда колдоо таппаса, сунуш мыйзам долбоорунан алынат.