Түркияда 6,1 баллдык жер титирөө болду
Новость

Түркиянын батышындагы Балыкесир провинциясында күчү 6,1 балл болгон жер титирөө катталды. Бул тууралуу маалымат BAZA телеграм каналына жарыяланды.

Маалыматка караганда, Сындыргы шаарынын аймагында болгон зилзалада бир нече имарат урап, адамдардын жабыркаганы кабарланууда. Айрымдары урандылардын астында калышы мүмкүн экени болжолдонууда.

Жергиликтүү өзгөчө кырдаал кызматтары учурда урандыларды тазалап, жабыркагандарга жардам көрсөтүп жатышат. Интернетке тараган видеодо бир кыз шкаф кулап кетерден мурун үстөлдүн астына жашынып, аман калган учур тартылып алынган.

Зилзаланын силкинүүлөрү Бурса, Ялова, Стамбул жана башка аймактарда да сезилди. 


Видео телеграмда