АКШдан 25 кыргызстандык жаран атайын каттам менен кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, алар Американын миграциялык мыйзамдарын бузган.
Депортация тартибине ылайык, мындай жарандарга АКШга барууга 5, 10, 15 жылга же түбөлүккө тыюу салынышы мүмкүн. Өлкөгө мыйзамсыз кайра кирүүгө аракет кылуу кылмыш жоопкерчилигине алып келиши ыктымал.
ТИМ АКШ аймагында мыйзамсыз жүргөн Кыргызстандын жарандарын өз ыктыяры менен өлкөдөн чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга чакырган. Ошондой эле АКШга барууну пландап жаткандарды жогорудагы жагдайларды эске алууга, миграциялык мыйзамдардын талаптарын так сактап, зарыл болгон учурда Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине өз убагында кайрылууга үндөдү.