Бүгүн, 9-августта Кеңеш айылындагы "Нарын" аэропортуна техникалык сыноо менен биринчи учак конду. Asman Airlines компаниясына таандык учак саат 11.20да конуп, аны менен Жарандык Авиация Мамлекеттик Агенттигинин өкүлдөрү келген.
Маалымат үчүн белгилесек, “Нарын” аэропорту толук реконструкциядан өтүп, 500 чарчы метрди түзгөн аэровокзал жаңы салынып ичинде бардык шарттар түзүлгөн. Ошондой эле учуп-конуу тилкеси толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, асфальт төшөлгөн.
"Нарын" аэропортун жандандыруу Кыргызстандын аймактык авиациясын өнүктүрүүдөгү стратегиянын бир бөлүгү. Аэропорттун калыбына келтирилиши жергиликтүү туризмди жана экономиканы өнүктүрүүдө маанилүү кадам болот. Башка региондор менен түз аба байланышын камсыз кылуу менен өлкөнүн транспорт системасынын олуттуу бөлүгүнө айланаары күтүлүүдө. Жакында аэропорттун расмий ачылышы пландалууда.
Совет мезгилинде алыскы аймактар үчүн негизги транспорттук түйүн болгон “Нарын” аэропортунун имараты 1964-жылы, ал эми жасалма учуп-конуу тилкеси, башкаруу жолдору жана перрон 1974-жылы ишке берилген. Аба каттамынын азайышы жана жүргүнчүлөрдүн жоктугунан улам аэропорт 1999-жылдан бери иштебей турган.