Президент Садыр Жапаров: Учурда өлкөбүздүн бардык аймактарында 70 миңге жакын батирдин курулушу жүрүп жатат
Новость

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-августта, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы “Хан-Теңири” кичи районунда Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган үйлөрдүн ачкычын тапшырды.

Мамлекет башчынын сөзү:

“Урматтуу Каракол шаарынын тургундары! 

Урматтуу мекендештер!

“Менин үйүм” мамлекеттик турак жай программасынын алкагында мамлекетибизге үмүт артып, “буюрса, үй алабыз” деп турган жарандарыбызга батирлердин ачкычтарын тапшыруу саамалыгы Каракол шаарына да келип жетти. 

Бүгүн биз бул жерде ири долбоор катары “Хан-Теңири” кичи районунун курулуп бүткөн үйлөрүн ээлерине салтанаттуу тапшыруу алдында турабыз. 

Алгач ак өргөөлүү болуп жаткан 420 жараныбызды чын дилимден куттуктаймын. Конушуңар жайлуу болсун! Ушул жерден агарып-көгөргүлө! 

Бул “Хан-Теңири” кичи районуна токтоло турган болсок, комплексте 69 блоктон турган тогуз кабаттуу үй, жалпысынан 3105 батир салынат. 

Кичи райондо унаа токтотуучу жай, заманбап мектеп, бала бакча, ошондой эле мечит куруу каралган. Башкача айтканда, тургундар үчүн зарыл инфратүзүм жана социалдык объектилер салынат.

Кудай буюрса, бардык курулуш иштерин 2027-жылдын аягына чейин толук бүткөрүүнү көздөп жатабыз.

Урматтуу шаар тургундары!

Үйлөрдүн курулушунда жогорку сапаттагы материалдар колдонулууда. Ошону менен бирге, бардык сейсмикалык коопсуздук талаптары катуу сакталууда. Албетте, курулуш иштери менин жеке көзөмөлүмдө, ар бир объектини стандарттарга ылайык ишке ашырууну талап кылып келе жатам.

Ысык-Көл облусундагы турак жайлардын курулуштары муну менен эле токтоп калбайт. 

2025-жылдын аягына чейин Чолпон-Ата шаарында көп кабаттуу үй куруунун биринчи этабын бүткөрүп, тапшырып берүүнү пландап жатабыз. Ошондой эле жакында Балыкчы шаарында жаңы турак жайлардын курулушу башталганын билесиздер. Турак жай менен катар, жалпы облусту ар тараптан өнүктүрүү, социалдык, экономикалык жана инфратүзүмдүк жактан жаңылоо иштери да жигердүү жүрүүдө. Бул иштер Ысык-Көл өрөөнүн комплекстүү өнүктүрүүгө багытталган.

Көз жоосун алган Ысык-Көлүбүзгө, дегеле облус аймагындагы кереметтүү жерлерибизге туристтерди тартууну күчөтүү үчүн бардык зарыл чаралар көрүлөт. Туристтер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, инфратүзүмүн жакшыртуу жана тейлөө сапатын жогорулатуу аркылуу Ысык-Көлдү өлкөнүн жана Борбор Азия регионунун негизги туристтик борборлорунун бири катары өнүктүрүү максаты коюлган.

Урматтуу мекендештер!

Учурда өлкөбүздүн бардык аймактарында 70 миңге жакын батирдин курулушу жүрүп жаткандыгын дагы бир ирет кайталап айта кетейин. Бул турак жай программасы аймактарды өнүктүрүүнүн, социалдык теңсиздикти кыскартуунун жана жашоо сапатын жогорулатуунун натыйжалуу куралы болуп эсептелет. 

Муну менен чектелбестен, жаңы турак жайларды куруу үчүн кошумча жер тилкелерин аныктоо жана долбоорлоо иштери да колго алынды, тапшырмалар берилди. Бул иш жүрүп жатат. Биз 70 миң менен эле токтоп калбайбыз. Мындан ары дагы батирлерди салып берип, элге тапшырууну уланта беребиз. 

Мындан сырткары, мындай иш-аракеттер аркылуу биз жүздөгөн жумуш орундарын түзүү менен жергиликтүү экономикага кошумча дем берип, курулуш тармагынын, ички өндүрүш менен чакан жана орто бизнестин өнүгүшүнө да шарттарды түзүп жатабыз.

Ошентип мындай комплекстүү иш-чараларыбыз мамлекетибиздин жарандарын сапаттуу, жеткиликтүү жана коопсуз турак жай менен камсыз кылуу багытындагы максаттуу саясатынын бир бөлүгү болуп калмакчы.

Кымбаттуу караколдуктар!

“Хан-Теңири” кичи району Каракол шаарынын өнүгүүсүнө кошулган чоң салым болоруна толук ишенем. 

Бул конушта жашаган ар бир үй-бүлөнүн турмушу берекелүү, ынтымактуу жана тынч болсун!

Жаңы батирлерден жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн эшиги ачылсын!

Жаңы үйүңөр куттуу болсун!”