Караколдо 420 үй-бүлө жаңы батирге ээ болушту
Новость

Бүгүн, 8-августта Каракол шаарында Президент Садыр Жапаров “Хан-Теңири” турак жай комплексиндеги 420 батирдин ачкычтарын тапшыруу аземине катышты. Бул батирлер Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) тарабынан курулган.

Тогуз кабаттуу, 10 блоктон турган турак жай комплексинде 420 үй-бүлө батир менен камсыздалды. Комплексте заманбап инфраструктура каралган: мектеп, бала бакчалар, спорт аянтчалары, балдар үчүн оюн зоналары, ошондой эле жер үстүндөгү жана жер алдындагы унаа токтотмолор бар.

Жылытуу системасы өз алдынча иштеген отканалар аркылуу камсыздалат. Мындан тышкары, борборлоштурулган суу, канализация жана электр жабдуулары трансформатордук пункт аркылуу берилет. Газ менен камсыздоо да борборлоштурулган, ал эми кошумча мазут аркылуу альтернативалуу жылытуу ыкмасы да каралган.

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров батирлерди жеңилдетилген шарттарда сатып алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөнүн белгилеп, бул үйлөр калктын бардык катмарына жеткиликтүү экенин билдирди.

Ошондой эле ал 2027-жылга чейин жалпысынан 3000ге жакын жаран турак жай менен камсыз болорун маалымдады. Бул долбоор аяктаган соң, ипподром тарапта дагы жаңы үйлөр курула баштай турганын кошумчалады.