Кыргызстанда "Аламан Улак" федерациясы түзүлдү
Новость

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен Кыргызстанда "Аламан Улак" федерациясы түзүлдү. Бул демилге улак оюндарын уюштурууда жана өткөрүүдө эрежелердин сакталбашы, чыр-чатактардын орун алышы, ошондой эле адам өмүрүнө жана саламаттыгына зыян келтирген учурлардын көбөйүшү менен байланыштуу.

Мындай терс көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында атайын жумушчу топ түзүлүп, анын негизинде "Аламан Улак" оюнун өткөрүүнү тартипке салган жаңы жоболор жана регламенттер иштелип чыгып, расмий түрдө бекитилди.

Жаңы эрежелер оюнга катышуучулардын жана көрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоого, тартип бузуулардын алдын алууга жана мелдештердин ачык-айкын, калыс өтүшүнө багытталган.

"Аламан Улак" федерациясы коомдук уюм катары расмий каттоодон өтүп, федерациянын президенти болуп Чолпонбай Исмаилов шайланды. Федерация мындан ары улуттук спорттун бул түрүн өнүктүрүү жана уюштуруучу иш-чараларды координациялоо боюнча иштерди жүргүзөт.