"Таза Кыргызстан" саясий партиясы төрагасын алмаштырат
Новость KTRK/videograp

"Таза Кыргызстан" партиясынын төрагалыгынан Марат Иманкулов алынат. Мындай чечимди аталган партиянын саясий кеңеши кабыл алды. Алардын айтымында, Марат Иманкулов үзөңгүлөштөрүнүн пикирине кулак салбай жатат. 

"Анын Коомдук каналда кылган жоругу шайлоочулардын ишенимин жоготот. Биз анын теледебатка чыгышын колдогон эмеспиз, бирок ал болбой койгон. Биз анын КТРКда ызы-чуу салып, партиянын теледебатка катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат деп да ойлогон эмеспиз" - деди саясий кеңештин мүчөсү Калдан Эрназарова.

Эскерте кетсек, "Таза Кыргызстан" партиясы КТРКнын жетекчилигине "Теледебатка" бир күн калганда кат менен кайрылган. Анда Марат Иманкулов партиянын атынан чыгууга укугу жоктугу, ал жөн гана жеке тарап катары катыша ала тургандыгы жазылган. 

Мындан тышкары катта дебатка "Таза Кыргызстан" партиясынын атынан Аркадий Гладилов катышат деп көрсөтүлгөн. Ушул эле учурда Марат Иманкуловдон дагы кат келген. Теледебат күнү КТРКга Аркадий Гладилов менен Марат Иманкулов өз тарапташтары менен келишкен. 

Алардын ортосунда дебатка ким катышаары туурасында талаш чыккан. Жыйынтыгында Коомдук каналдын жетекчилиги алар өз ара такташып алганчакты эфирге чыгарбай турууну туура көргөн.