Жети-Өгүздөгү эң жаш баатыр эне Салима Токтобекова учурда он баланын энеси. 36 жаштагы келин онунчу баласын 2024-жылдын декабрь айында жарыкка алып келген. Бирок ушул күнгө чейин "Баатыр эне" наамын ала элек, жада калса "Эне даңкы" медалын да алган эмес. Анан калса райондогу даталуу күндөрдө дагы унутта калып, чакырылбаганына жаш эне нараазы экенин УТРКнын Ысык-Көлдүн кабарчысына билдирди.
Көп балалуу эненин айтымында, өткөн жылы ал "Баатыр эне" наамын алууга документ тапшырган. Бирок документтери артка кайтарылган. Ал Кызыл-Суу айыл аймагынын социалдык адистеринен ушул күнгө чейин маалымат ала албай келет. Айыл аймактын башчысына да бир нече жолу коңгуроо кагып, байланыша алган эмес.
Саруу айылынын тургуну Салима Токторбекова жолдошу менен 20 жылдан бери түтүн булатып келет. Балдарынын улуусу 19 жашта, кичүүсү эки айлык. Жолдошунун туруктуу иши жок болгондуктан утурумдук иш жасап, тапканы тамак-ашынан ашпайт. Жаш эне үйдө балдарынын түйшүгү менен алек.
Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, 6 бала төрөгөн энелерге "Эне даңкы", 7 жана андан көп балалуу энелерге "Баатыр эне" наамы берилиши керек.