Жумгалда 44 миллион сомдук ден соолукту чыңдоо борбору мамлекетке кайтарылды
Новость

Жумгал районунда жалпы аянты 1,1227 гектарды түзгөн минералдык булагы жана чектеш аймагы бар "Ысык-Суу" дарылоо ден соолукту чыңдоо пункту мамлекеттин балансына кайтарылды. Мекеменин баасы 44 млн 150 миң сомду түзөт.

Жумгал райондук мамлекеттик администрациясы аталган объектини 2005-жылы жараксыз абалга келген деген шылтоо менен "Аккабак-Сулайман Н+" жеке фондуна убактылуу пайдаланууга өткөрүп бергени аныкталган.

Андан кийин убактылуу пайдаланууга гана берилгенине карабастан, "Аккабак-Сулайман Н+" фонду КР мыйзамдарын бузуу менен өзүнө каттаткан.

Учурда жергиликтүү бийлик органдары тарабынан "Ысык-Суу" заманбап ден соолукту чыңдоо комплексин курууга инвестор тартуу маселеси каралууда.

Минералдык булагы бар "Ысык-Суу" дарылоо ден соолукту чыңдоо пункту 1991 - жылы нерв, боорду, семирүүнү, ичеги-карын ооруларын, тери ооруларын дарылоо үчүн курулуп пайдаланууга берилген.