Коррупцияга каршы чараларды күчөтүү саясатынын алкагында бүгүн, 17-январда Улуттук телерадио берүү корпорациясында кызматкерлер үчүн профилактикалык жыйын өттү. Ага УКМКнын маалыматтык коопсуздук башкармалыгынын башчысы - полковник Алмаз Алымов жана башкармалыктын кызматкерлери Эрнист Беков менен Адилет Тойбаев катышты.
Полковник Алмаз Алымов сөз башында өлкөдө жүрүп жаткан коррупцияга каршы күрөштү, иш-аракеттерди жигердүү чагылдырып, элге жетиштүү маалымат берип жатканы үчүн жалпы УТРК кызматкерлерине ыраазылык билдирди. Андан ары Кылмыш-жаза мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, коррупциялык кылмыштар боюнча айыпталгандарга жазалар күчөтүлгөнү боюнча кеңири түшүндүрмө берилди.
Тактап айтканда «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын жоболору төмөнкү тартипте түшүндүрүлдү:
- коррупциялык кылмыштарга күнөөлүү деп табылган жарандарга мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштөөнү өмүр бою тыюу салууну караган мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилгендиги боюнча;
- коррупциялык кылмыштар үчүн айып пул толук жоюлгандыгы тууралуу (мисалы, мыйзамсыз баюу үчүн 300-500 миң сом айып пулдун ордуна эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралган);
- эгерде кайсы бир жаран, анын жубайы же алардын жакын туугандары оор же өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган болсо, андай жарандар мамлекеттик кызматка кабыл алынбоосу боюнча;
- эгерде жаран коррупциялык кылмыш жасагандыгы үчүн күнөөсүн мойнуна алса жана келтирилген зыяндын ордун толтурса, ага ушул берене боюнча эркиндигинен ажыратуунун эң жогорку мөөнөтүнүн жарымынан кем эмес өлчөмүндө жаза колдонулаары боюнча.
Жыйын соңунда Улуттук телерадио берүү корпорациясынын башкы директору Болотбек Тиллебаев УКМК өкүлдөрүнө жаңы мыйзам боюнча түшүндүрмө бергени үчүн ыраазычылык айтып, корпорация кызматкерлерин жемкорлукка каршы чаралар күчөтүлгөнү тууралуу эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө кол кабыш кылуу менен коррупцияга каршы күрөшкө салым кошууга чакырды.