Бишкекте турак үйдөн өрт чыкты
Новость

Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда алдын ала маалымат боюнча Т.Үмөталиев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен бүгүн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

ӨКМдин маалыматы боюнча, өрттү өчүрүүгө Биринчи Май районунан 2 күжүрмөн эсеп жөнөтүлгөн.

Буга кошумча саат 9:35те Свердлов районунан 1 күжүрмөн эсеп, Октябрь районунан автошаты тартылган. Учурда 3 күжүрмөн эсеп, 1 автошаты жана штаб жеринде иштеп жатат.

Кошумча маалымат берилет.