Айбек Молдогазиев АКШга элчи болду
Новость

Президент Садыр Жапаров Айбек Молдогазиевди Кыргызстандын АКШдагы элчиси кызматына дайындаган жарлыкка кол койгонун бүгүн өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Айбек Молдогазиев 2022-жылдын февралынан азырга чейин тышкы иштер министринин орун басары болуп келген. Ал 1995-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин юридика факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун ТИМдин Келишимдик-укуктук департаментинин атташеси болуп баштаган, 51 жашта.

Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн 1-катчысы, ТИМдин Эл аралык-укуктук департаментинин директору, Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

Өлкөнүн АКШдагы буга чейинки элчиси Бактыбек Аманбаев быйыл 25-октябрда кызматтан алынган. Ал элчилик кызматка 2021-жылдын апрелинде дайындалган эле.