III Элдик курултайдын жыйынтыгы боюнча резолюция кабыл алынды
Новость

Элдик курултайдын улуттук кеңешинин маалыматы боюнча, эки күн ичинде курултайда 150 делегат сөз сүйлөп, сунуш-пикирлерин айтышты. Мындан тышкары, кагаз түрүндө 2 миңден ашык кайрылуулар түштү.

Алар Элдик курултайдын катчылыгы тарабынан иш-чаралар планы катары иштелип чыккан соң, президенттин администрациясы аркылуу тиешелүү мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жөнөтүлөт.

Элдик курултайдын улуттук кеңешинин төрагасы Мыктыбек Абдылдаев белгилегендей, иш-чаралар планы президентке сунушталып, тескемеге кол коюп берет.

"Пландын аткарылышы катчылык, президенттин администрациясы, министрлер кабинети менен мониторингге алып көзөмөлдөйбүз. Жоопторун, аткарылышын айтып турабыз", - деди ал.