Ошто коюу тумандан аба каттамдары кармалууда
Новость

Коюу тумандан улам Ошто аба каттамдары кармалып жатканын «Манас» аба майданынын басма сөз кызматы билдирди.

Аэропортто эртең мененки саат 09:40 тартып коюу туман каптаган. Аба ырайына байланыштуу төмөнкү каттамдар кармалууда:

  • Ош-Стамбул каттамы
  • Ош-Екатеринбург
  • Ош-Домодедово
  • ОШ-Шереметьево
  • Ош-Жуковский
  • Ош- Внуково
  • Ош- Эль-Кувейт 2 каттамы кармалууда
  • Ош-Джидда 1 каттас
  • Ош-Бишкек баардык каттамдар кармалууда.

«Асман Эйрлайнс» авиакомпаниясынын Бишкек-Ош аба каттамы кармалып жаткандыгына байланыштуу Таласка уча турган каттам да кармалууда.