Улуттук филармонияда Борбор Азиядагы жалгыз орган калыбына келтирилди
Новость

Улуттук филармонияда Борбор Азиядагы жалгыз орган калыбына келтирилди

Бүгүн, 20-ноябрда, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын Кичи залында уникалдуу музыкалык аспап — органды калыбына келтирүү жана капиталдык ремонт иштеринин жыйынтыгы менен презентация болуп өттү. Бул аспап Борбор Азиядагы жалгыз орган болуп саналат жана маданий жашоонун маанилүү бөлүгү болуп эсептелет.

Органды калыбына келтирүү жана ремонттоо иштери Москвадан келген жогорку квалификациялуу адистер тарабынан жүргүзүлдү. Презентациянын жүрүшүндө адистер аспапты оңдоонун бардык этаптары тууралуу айтып беришип, жаңыртылган органда музыкалык чыгармаларды аткарып, анын өзгөчө үнү менен тааныштырышты.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов катышты. Министр өз сөзүндө жасалган иштердин сапатын жогору баалап, органды калыбына келтирүү Кыргызстан үчүн маданий мурастарды сактоо жаатындагы чоң кадам экенин белгиледи. Ошондой эле аталган аспапты концерттик жана билим берүү программаларында активдүү пайдалануу боюнча сунуштарды берди.



“Бул орган биздин музыкалык маданиятыбыздын жана тарыхыбыздын символу болуп саналат. Аны калыбына келтирүү менен биз аспаптын уникалдуу үнүн сактап калуу менен катар классикалык музыканы өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатабыз”, — деп билдирди Алтынбек Максутов.

Органды оңдоого республикалык бюджеттен 9 миллион сом бөлүнгөн. Бул каражат аспаптын баштапкы үнүн калыбына келтирүүгө жана аны толук кандуу колдонууга даярдоого мүмкүнчүлүк берди.

Презентация музыкалык чыгармалар менен аяктап, келген коноктордун жогорку баасына ээ болду.