Жергиликтүү кеңештерге шайлоо: добуш сатып алуу боюнча 7 факты катталды
Новость

 Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоодо үгүт иштери башталган күндөн тарта 96 мыйзам бузуу катталган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын жетекчиси Султан Макилов бүгүн Биринчи радионун түз эфиринде билдирди. 

Учурда бул мыйзам бузуулардын онуна карата кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Мындан тышкары добуш сатып алуу боюнча 7 факты катталган. 

17-ноябрь шайлоо күнү милицияга 64 жолу арыз, даттануу түшкөн. Даттануулардын көпчүлүгүнө кылмыш иш козгоодон баш тартылган. Мындан сырткары шайлоо күнү бейбаштык беренеси менен 2 факт катталды. Анын бирөөсүндө шайлоочуга бюллетень жакпай тытып салган. Тартип бузган жаранга 5500 сом айып салынган.