Нарында 58 миңдей шайлоочу жарандык милдетин аткарды
Новость

 Нарын облусунда саат 18.00гө карата 57 миң 929 шайлоочу добуш берди. Бул облустагы 221 миң 100 шайлоочунун 26.2 пайызын түзөт.

Райондор боюнча: Ак-Талаа районунда 6 миң 739 шайлоочу, же жалпы шайлоочулардын 26 пайызы;

                               Ат-Башы районунда 11 миң 98 шайлоочу, же жалпы шайлоочулардын 26.1 пайызы;

                               Кочкор районунда 13 миң 389 шайлоочу, же жалпы шайлоочулардын 26.5 пайызы;

                               Жумгал районунда 8 миң 484 шайлоочу, же жалпы шайлоочунун 25 пайызы;

                               Нарын районунда 9 миң 618 шайлоочу, же жалпы шайлоочунун 27.75 пайызы;

                               Нарын шаарында 8 миң 601 шайлоочу, же жалпы шайлоочулардын 25.6 пайызы добуш берди.