Нарын облусунда мөмө-жемиш кластерин өнүктүрүү колго алынып, питомниктер курулат. Мындай аракет Дүйнөлүк Банктын “Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу” долбоорунун үчүнчү фазасы менен ишке ашат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин алдындагы Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу борборунун башчысы Төрөкул Беков билдирди.
Анын айтуусунда, Нарын облусунун ар бир районуна сыноо иретинде карагат, чычырканак, малина, кулпунай, алма жана алмурут өстүрө турган экиден, беш районго он мөмө-жемиш питомникери курулат. Бул үчүн грант катары ар бир питомникке долбоор алкагында 5 миң доллардан каражат берилет. Ал эми питомниктерди иштетүү үчүн жалпы 500 жаран окутулат.
Мындан тышкары, асыл тукум уйлардын башын көбөйтүү максатында 3 миң уй жасалма уруктандырылат жана 36 айылга жасалма уруктандыруучу пункттар дагы курулат.
Аталган долбоордун экинчи этабына Нарын облусу 2023-жылы кирген. Анын алкагында 3 миң уй жасалма уруктандырылып, сүт берүүчү малдын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында 1595 фермерге 206 миллион 900 миң сом каражат займ түрүндө, үч жылдык мөөнөткө берилген. Ошондой эле 3 миң дыйкан фермерлер үчүн окуулар өткөрүлүп, 565 үй-бүлөгө 73,5 миллион сомго заман талабына ылайык уй сарайларды курууга, айыл чарба шаймандарын алууга каражат берилген. Мындан тышкары 11 сүт муздаткыч, 11 сүт чогултуучу танкер жана 11 лабораториялык жабдыктар алынган.