Мас абалында рулга отургандарды эки жылга айдоочулук укуктан ажыратуу сунушталууда. Учурда бул долбоор коомдук талкууга чыгарылды.
Мындан сырткары айдоого укугу жок туруп, мас болуп унаа айдаса 10 күнгө камалат. Ал эми 60тан ашкан эркектер, 55тен ашкан аялдар, I, II топтогу майыптар жана боюнда бар аялдар камакка алынбайт, бирок 20 миң сом айып пул төлөшөт.
Эске сала кетсек, буга чейин мас абалында рулга отургандар бир жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратып келген.