Түркия: Адана провинциясында өрт чыкты
Новость

Түркиянын Адана провинциясындагы мектеп жатаканасында өрт чыгып, 11 окуучунун өмүрүн алып кетти. 

Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.

 Тилсиз жоонун кесепетинен 11 окуучу жана 1 тарбиячы каза болгон. 

Окуучу кыздар 11-14 жаштарда болушкан.

 Алар жалындан сыртка чыга албай, жатакананын үстүңкү кабатында калып калган. 

Кырсыкка,электр зымдарындагы чукул туташуулар себеп болгондугу айтылууда.