Кыргызстана мекенге кайтып келип, ишкерлик кылууга акча салам деген мигрант болсо, ага өзү канча каражат салса, дал ошончо каражат берүү каралган "Мекеним 1+1" программасы сынамык иретинде ишке кирди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирет. Долбоор толук кандуу 2025-жылы иштей баштайт.