Садыр Жапаров Эрдоганга аргымак белек кылды
Новость

Садыр Жапаров Түркиянын өлкө башчысы Режеп Тайип Эрдоганга аргымак тартуулады.

Жылкынын маңдайында кашкасы бар, асыл тукум аргымактардын бири.

Кечээ 5- ноябрь күнү Эрдоган Жапаровго Түркияда чыгарылган TOGG унаасын тартуулаган. 

Түркия элинин башчысы Режеп Тайип Эрдоган 4-ноябрда Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген. Ал  бүгүн Бишкекте өтүп жаткан Түрк мамлекеттер уюмунун саммитине катышууда.