Кыргызстанга Азербайжан өлкөсүнүн башчысы Илхам Алиев келди. Аны "Манас" эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды. Белгилей кетсек, Ильхам Алиев Кыргызстанга үстүбүздөгү жылдын 6-ноябрында Бишкекте өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун (ТОС) он биринчи саммитине катышуу үчүн келген.