Президент Эрсин Татар Кыргызстанга келди.
Түндүк Кипрдин президенти Эрсин Татар Кыргызстанга ушул жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарында өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) кезектеги он биринчи Саммитине катышуу үчүн келди. Аны “Манас” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев тосуп алды.
Саммиттин ишине Уюмга мүчө беш мамлекеттин лидерлери, ошондой эле Уюмдун байкоочу өлкөлөрүнүн башчылары катышат.