Кыргызстандык Бегимай Турусбекова Москвада
Новость

Кыргызстандык ырчы  Бегимай Турусбекова Орусиянын Москва шаарында өтүп жаткан "Царица" вокалдык долбооруна катышууда. Анын аткаруусу  жогорку баага татыды. 

Аталган  долбоордун катышуучулары тогуз апта бою вокал, бий жана актёрдук сабактар боюнча таланттарын өркүндөтүшөт. Мындан сырткары фониатрлар, стилисттер жана имиджмейкерлер менен иштешип, шоу-бизнестин белгилүү жылдыздары менен жолугушат. Катышуучуларга залдагы көрүүчүлөр атайын пульттун жардамы менен өз баасын беришет да апта  сайын иргелип жүрүп олтурат. 

Эскерте кетсек, Бегимай Турусбекова Бишкектеги Ынтымак паркында караоке ырдап элге таанылган.