Режеп Тайып Эрдоган “Ата-Бейит” тарыхый-мемориалдык комплексине барып кайтты
Новость

Кыргыз  элине  мамлекеттик сапар менен келген Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган “Ата-Бейит” тарыхый-мемориалдык комплексине барып, курман болгондорду эскерди. Аны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров коштоп жүрдү.

Түрк элинин өлкө башчысы 1916-жылдагы каргашалуу окуяларда курман болгондордун эстелигине жана  жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүлчамбар коюп эскерди.