Казакстанда шахмат боюнча эл аралык мелдеш жыйынтыкталды.
Казакстандык спорт сайттары жазгандай, мелдештин 10-турунда Семетей Төлөгөнтегин россиялык спортчу Сергей Заблоцкого каршы ойноп, жыйынтыгында тең чыкты.
Мекендешибиз карамагына 7 упай топтоп, 6-орунга жазылды.
Дагы бир кыргызстандык шахматчы Михаил Марков онунчу, Болот Алыбаев 75-орунга илинди.
Мелдешке жалпы 94 шахматчы катышкан.
Кошумчалай кетсек, Семетей Төлөгөнтегин Азиядагы 20 мыкты шахматчынын катарына кирет.