Сосновка өткөрмө пункту жеңил унаалар үчүн ачылды
Новость

Арал жана Сосновка өткөрмө пунктары жеңил унаалар үчүн ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка караганда, саат 14:00гө карата Бишкек – Ош унаа жолундагы жол тыгыны жоюлуп, "Сосновка" "Арал" постторунда жеңил унааларга киргизилген убактылуу чектөө алынды.

Ал эми  оор жүк ташуучу унааларга алына элек.