Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди
Новость

Аба ырайынын кескин начарлашынан улам Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Транспорт министрлигинен кабарлашкандай, Өтмөк ашуусунда да чектөө бар.

14-октябрда Бишкек-Ош унаа жолунда кар жаап, №9 жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо, кум себүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлдү.