Президент Садыр Жапаров КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Чоң Кремль сарайына келди
Новость

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-октябрда, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Чоң Кремль сарайына келди. 


Иш-чарага келген КМШ мамлекет башчыларын Кремль сарайында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин тосуп алды. 


Саламдашуу аземи жана чогуу сүрөткө түшүү аяктагандан кийин өлкөлөрдүн лидерлери тар форматтагы жыйын залына өтүштү.