POST1RIGHTБашкы прокуратура Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узартуу фактысы боюнча кылмыш ишин Улуттук коопсуздук кызматына жиберди. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынан билдиришти.
Кылмыш иши "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча козголгон.
Белгилүу болгондой 2010-жылдын 7-июунунда юстиция министрлиги тарабынан Елисеевдин жактоочулук лицензиясы мыйзамсыз узартылып, буйрукка ошол кездеги Юстиция министринин милдетин аткаруучу Аида Салянова кол койгон.