Баш мыйзам туруктуулуктун кепилдиги
Новость

POST1RIGHTБаш- мыйзам турмуш-шарттын талабына жараша өзгөрүлүүгө дуушар болуп турат. 

Толуктоо, өзгөртүү киргизүү менен конституцияны келечекке кызмат кыла ала турган баш мыйзамга алып баруу- ар бир жарандын атуулдук милдети. 

Мындай пикирлер бүгүн, Ош шаарындагы коомдук үгүттөөдө айтылды.

Баш мыйзам туруктуулуктун кепилдиги жана эл менен бийликтин ортосундагы көпүрө. Мына ушул байланыштын бекем болушу үчүн албетте, кепилдиктин орду чоң. 

Юридика илимдеринин кандидаты Эркинбек Жакыбакунов үгүтөө иш-чарасын өз ыктыяры менен уюштурганын айтат. Юристтин баамында, «2020-жылга чейин баш-мыйзам өзгөртүлбөсүн» ,-деген чектөө - өлкө өнүгүүсүнө кедергисин тийгизет. Бир дагы өнүккөн өлкөдө баш мыйзамга чек коюлган эмес. Маселен, өнүгүү жолундагы Грузия баш мыйзамын 20 жолу өзгөрткөн.