Москавадагы өрт: басмакананын жетекчилигинин абактагы мөөнөтү эки айга узартылды
Новость

 Кыргызстандык кыз-келиндер өрттөн каза болгон Москвадагы басмакананын жетекчилигинин абактагы мөөнөтү дагы эки айга узартылды. Орусиялык басылмалардын маалыматы боюнча, басмакананын кожоюну Сергей Москвин жана башкы инженер Антон Яцковго коопсуздук эрежелерин камсыз кылган эмес деген айып тагылууда. POST1RIGHT

Эскерте кетсек, 27-августта Москвадагы басмаканада чыккан өрттөн он жети адам каза болгон.Алардын он төртү кыргызстандык кыз-келиндер болчу.