“Кыргызтелекомдун” интернеттин тарифин көтөргөнүн эми Башкы прокуратура териштирет. Укук коргоо органдары буга чейин наркты жогорулатканы боюнча текшерип, чогулган материалдарды прокуратурага өткөрүп берди. Мындай маалымат интернеттин тарифи боюнча өкмөттө өткөн жыйында айтылды.
POST1RIGHT Эскерте кетсек, буга чейин “Кыргызтелекомдун” жетекчилиги Казакстандын провайдерлери менен ич ара сүйлөшүп, интернеттин тарифин жогорулаткан деген маалымат чыккан. Өкмөт башчы “Кыргызтелекомдун” жетекчилигинин чет өлкөлүк Интернет-провайдерлер менен көмүскө колдонууну киргизгендиги тууралуу фактылар ырасталса, анда байланыш операторлорунун кызмат адамдары мыйзам чегинде жоопко тартылат, -деди. Буга чейин Кыргызстан Евразия экономикалык комиссиясына Казакстандын провайдерлери интернет-тейлөөлөргө болгон тарифтерди негизсиз көтөргөндүгү тууралуу кат жолдогон. Белгилей кетсек, бул маселени кароодо монополияга каршы мыйзам бузуулар табылган учурда, жана баалардын негизсиз жогорулоосуна айыптык санкцияларды жүргүзүүгө, териштирүүгө комиссиянын ыйгарым укуктары мүмкүндүк берет.