Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаменти тарабынан Япониянын эл аралык кызматташтык агенттиги жана Германиянын эл аралык кызматташуу боюнча агенттигинин (Deutsche Gesellschaft für
Internationale Zusammenarbeit (GIZ) GmbH) каржылык жардамы менен Кыргызстандын туристтик 3D панорамалык картасын түзүү иштери пландаштырылууда.
Бул карта өлкөнүн туристтик ажайып жайларын чет элдик жана жергиликтүү туристтер арасында даңазалоого өбөлгө түзөт жана 360-градустук сапаттуу сүрөттөрдү керектүү маалыматы менен чогуу көрүүгө болот.
«3D Кыргызстан» долбоорунун автору жана демилгечиси туризм тармагы боюнча эксперт Максат Конушалиев.
3D сүрөттөр Google картасына, Кыргыз Республикасынын туризм тармагына байланышы бар Министрликтер жана ведомстволордун сайттарына, ошондой эле өлкөнүн туристтик сайтына жайгаштырылат: www.discoverkyrgyzstan.org.
Долбоор Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Чүй облустарынын жана Бишкек шаарынын туристтик ажайып жайларын камтыйт. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөттөрү 2020-жылдын август-октябрь айлары. Долбоорду тапшыруу мөөнөтү ушул жылдын декабрь айына пландаштырылууда.
Ошондой эле жакынкы аралыкта Баткен, Талас жана Нарын облустары боюнча 3D панорамалык картасын иштеп чыгуу пландалууда.