Адамдардын 50 пайызы антибиотиктерди туура эмес колдонот
Новость

POST1RIGHTМына ушундай суукта ата-энелер балдары тумоолоп калса, дарыгерге кайрылбастан, өз алдынча дарылап, антибиотиктерди берип келет. Бирок ак халатчандар туура эмес дары дармек ичүү ден соолукка кооптуу экенин эскертет. 

Ошол эле учурда ак халатчан адис жазып берген антибиотиктен жабыркап калгандар да четтен чыгат.

Иликтөөлөргө ылайык дүйнө жүзүндөгү адамдардын 50 пайызы антибиотиктерди туура эмес колдонот. 

Анын натыйжасында айрымдар олуттуу ооруга туш болсо, айрымдардын организм жеңил дарыларды тоготпой калат. 

Ошондуктан антибиотиктерди абайлап колдонуу зарылчылыгы бүгүн актуалдуу бойдон калууда.