Хорватияда өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Эквадордун балбаны Генезис Вальдез менен күрөшүп, 2:4 эсебинде жеңилип, күмүш медалга татыды.
Ал 76 кг. салмак ченинде килемге чыгып, атаандашынан жеңилип, күмүш медалга ээ болду.
Айпери Медет кызы 1/8 финалда түркиялык балбан Элмира Ясин менен беттешип, 10:0 эсебинде уткан.
1/4 финалда америкалык балбан Кайл Уокер менен беттешип, 8:3 эсебинде жеңип жарым финалга чыккан.
1/2 финалдык баскычта украиналык балбан Анастасия Алпыева менен беттешип, 10:5 эсебинде жеңип финалга жолдомо алган.
Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы 26 жашта. Дүйнө чемпионатынын күмүш (2023-ж.) жана коло байгелеринин ээси (2021-ж.). Азия оюндарынын алтын (2023-ж.) жана коло (2018-ж.) байгелерин уткан. Азиянын үч жолку чемпиону (2022-ж., 2024-ж., 2025-ж.). Ошондой эле Азия чемпионатында үч жолу күмүш байгеге татыган (2020-ж., 2021-ж., 2023-ж.). Жайкы Олимп оюндарында эки жолу 5-орунду ээлеген. 23 жашка чейинки жаштар арасында дүйнө чемпиону жана бир нече эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү болгон.