Өлкөнүн негизги финансы документти саналган келээрки жылдын бюджетин премьер-министр коомчулукка чыгарды. Сооронбай Жээнбековдун айтымында, 2017-жылы энерго сектор жана жолдорду курууга басым коюлат. Маселен райондук борборлордун жолун оңдоого 750 млн сом каралган.
Мындан тышкары Бишкек жылуулук берүү борборун реконструкциялоо, Токтогул ГЭСин реаблитациялоо, лабораторияларды куруу сыяктуу маанилүү чечимдер бюджетке киргизилген. POST1RIGHT
Ал эми адаттагыдай эле казынанын кабелтең бөлүгү социалдык тармакты тейлөөгө кетет. Аны менен бирге айрым министрликтердин бюджети кыскартылат. Эскерте кетсек өкмөт мамлекеттик органдардын чыгашасын 15 миллиард сомго кыскартты. Бирок бул айлык акыга пенсияга жана жөлөк пулдарга таасирин тийгизбейт.
Кыскартууга массалык маалымат каражаттары анын ичинде Коомдук канал дагы туш болду. КТРКнын бюджетинен 41 млн сом үнөмдөлмөкчү. Бул КТРК жаңы каналдарды ачып жаткан мезгилге туш келди. Жаңы каналга жаңы техникалар, жаңы кадрлар керек...
Ал барып эле каражатка такалаары айдан ачык. Каражат тартыштыгында айрым кыйын министрликтер кыскартууга барган эмес. Маселен ошол эле каржы министрлиги бюджетин тескерисинче көбөйткөн.