Президент Алмазбек Атамбаев Ички иштер министри Улан Исраиловду кабыл алды.
Жолугушууда милиция кызматкерлери үчүн турак жайларды куруу иштерин мындан ары улантуунун пландарын талкууланды. Президент өлкөдө укуктук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу ишинде ички иштер органдарынын жоопкерчилигин баса белгиледи.
Алмазбек Атамбаев-иш жүзүндө коррупцияны жоюу жана жарандардын милицияга болгон ишенимин арттыруу үчүн укук коргоо органдарынын тутумун реформалоо боюнча министрдин жетекчилигинин алдында маанилүү милдеттер турганын кошумчалады.