Антибиотиктерди ашыкча колдонуу майыптыкка да алып келет
Новость

Көп учурда антибиотик алган жарандар дарыгерден кеңеш албай туруп эле дарыканага чуркашат. 

Бирок антибиотиктерди ашыкча же туура эмес колдонуудан улам башка оорулар пайда болот. 

Жыйынтыгында адамдын организми аны көтөрө албай, өмүр бою майып болуп калышы мүмкүн. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Амангелди Мурзалиев билдирди. 

Бирок эл арасында аны түшүнбөгөн мекендештерибиз көп. Мындан улам саламаттыкты сактоо министрлиги учурда өлкө аймагында антибиотиктерди туура колдонууну үйрөткөн атайын жумалыкты өткөрүүдө. Демилгени дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму көтөргөн.