POST1RIGHTБыйыл бюджеттик тармактын 491 кызматкери жалпы суммасы 563 миллион сомго мамлекеттик ипотекага үй алган. Азырынча эки багытта насыялоо жүрүп жатат.
Даяр турак-жайды баалап сатып алуу жана бүтпөй калган үйдүн курулушуна насыя берилүүдө. Бул иштер өкмөттүн “жеткиликтүү турак-жай - 2015-2020” программасын ишке ашыруу алкагында жүрүп жатат.
Турак-жайга ээ болууда белгилүү талаптар бар. Кайрылган кызматкер Кыргызстандын 21ден 65 жашка чейинки жараны болууга тийиш. Турак-жайга ээлиги жок болуп, эмгек мөөнөтү да эске алынат. Мамлекеттик кызматкерге насыя алгачкы төгүмгө жараша 15 жылга чейин 10-12 пайыздык чен өлчөм менен берилет. Ошол эле учурда турак-жай алууга кайрылгандын үй-бүлөсүнүн кирешеси 31 миң сом болушу керек.