Өкмөттүн башкы милдети экономикалык өсүштү камсыздоого багытталат
Новость

POST1RIGHTПарламент депутаттары бүгүн республикалык бюджеттин аткарылышы, өзгөртүү толуктоолор жана алдыдагы божомолдор боюнча маселени талкуулашты. Жыйынга Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баштаган өкмөттүн толук курамы катышты. Жээнбеков “2017-жылы Өкмөттүн негизги милдети макроэкономикалык туруктуулукту бир нукта кармап туруу жана экономикалык өсүштү камсыздоого багытталарын билдирди. Министрлер кабинети ант берүү аземинен кийин парламентке республикалык бюджет боюнча отчет берүү үчүн калышты. Бюджеттин 2015-жылга аткарылышы, 2016-жылга толуктоо, өзгөртүү жана алдыдагы жылдарга божомол каралат. Жээнбеков былтыркы бюджет экономикалык активдүүлүктүн басаңдашын эске алуу менен жана башка бир катар тышкы факторлорго байланыштуу түзүлгөнүн белгиледи. 

Өкмөт башчы белгилегендей, 2017-жылы Өкмөттүн иши макроэкономикалык туруктуулукту кармап турууга жана туруктуу экономикалык өсүштү камсыздоого багытталат. Бул Өкмөттүн “Ишеним жана биримдик” программасында аныкталган негизги артыкчылыктарды эске алуу менен иштелип чыккан.