Өкмөттүн жаңы курамы ант берди
Новость KTRK/videograp

 Жогорку Кеңеште өкмөттүн жаңы курамы ант берип, Президент Алмазбек Атамбаев катышты. 

Өкмөттүн структурасы мурунку калыбында калганы менен курамы өзгөрдү. 

Ага ылайык, алты министр менен бир вице-премьер алмашты. 

Эске салсак, парламенттеги көпчүлүк коалиция тарагандыктан өкмөт отставкага кеткен. Президент көпчүлүк коалицияны түзүү укугун КСДП фракциясына берген. Жаңы коалициянын катарына КСДП, "Кыргызстан" жана "Бир Бол" фракциялары кирген.