Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москвада бир катар террордук актыларды пландап жаткан жарандар боюнча маалыматты текшерүүдө. Бул тууралуу дипломатиялык өкүлчүлүктөн билдиришти. Бул боюнча маалымат алуу үчүн Санкт-Петербургдун Ички иштер министрлиги жана коопсуздук кызматына расмий өтүнүч жөнөтүлдү.
POST1RIGHT Эске салсак, Орусиянын коопсуздук кызматтары Кыргызстан жана Тажикстандык адистердин көмөгү менен онго жакын адамды террордук акт жасоону пландаган деген шек менен өткөн ишембиде колго түшүрүшкөн. Москва менен Санкт-петербургда кармалгандар Орусияда жана Борбордук Азиянын бир катар өлкөлөрүндө террордук акт жасоону пландашкан.
Террордук акт даярдап жаткан ушул жарым жылаңач автомат менен отургандар. Алар француз калабасынын жылдыгына карата эки борбор шаарда жардыруу жасоого даярданып жатышкан. Чабуулду көбүнчө соода борборлорунда жасашмак. Терракт болору тууралуу маалыматты орусиянын күч кызматкерлери Кыргызстандык жана Тажикстандык кесиптештеринен алышкан.
Орусияга алар жөнөкөй мигрант катары келишкен. Санкт Петербургда жүк ташуучу жана таксист болуп иштеп жүрүшкөн. Ал эми айрымдары Москвада базарда соода кылышкан. Кайсы жерди качан жардыруу тууралуу тапшырманы түз Сириядан алып турушкан. Алардын максаты бир гана Орусия эмес, Борбордук Азия өлкөлөрүндө да жардыруу жасоо болгон.