Чүй облусунда бир жума ичинде 56 унаа айып төлөөчү жайга киргизилген. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 15-июндан 22-июнга чейинки аралыкта инспекторлор тарабынан 2 миң 683 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталган. Анын ичинен 22 айдоочу мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн, 7 айдоочу терезелерин караңгылатып алганы үчүн 1018 айдоочу ылдамдыкты жогорулаткандыгы үчүн, 24 айдоочу унааны документсиз башкаргандыгы үчүн кармалган.