Олуттуу маселелер көтөрүлгөн Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлеринин кеңешмеси
Новость

Дүйшөмбү шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлеринин Бешинчи консультативдик кеңешмесинде Мамлекет башчысы Садыр Жапаров климаттык өзгөрүүгө өзгөчө көңүл буруп, жалпы аймакта суу-энергетикалык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылган Регионалдык борборду түзүүнү сунуштады. 

Иш-чаранын алкагында Президент Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Анда өлкө башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулашты.