Баш мыйзам - туруктуулуктун кепилдиги
Новость

Конституция – бийлик менен коомчулуктун ортосундагы келишим. Бул келишим, коом өнүккөн сайын өзгөрүүгө муктаж болуп турат. Мындай пикирлер бүгүн Ош шаарындагы коомдук угуу учурунда айтылды. Көз карандысыз талдоочулар, активисттер, юристтер жана жөнөкөй студенттер катышкан бул жыйында да пикир бөлүштү. 

POST1RIGHT Баш мыйзам туруктуулуктун кепилдиги жана эл менен бийликтин ортосундагы көпүрө. Мына ушул байланыштын бекем болушу үчүн албетте, кепилдиктин орду чоң. «Эл Пикири» коомдук илим изилдөө борбору түштүк аймакта баш мыйзамга өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү боюнча референдумду өткөрүүгө карата сурамжылоо жүргүзүүдө.
 Баш мыйзамга негизинен 25 беренеге 36 өзгөртүү киргизүү демилгеленүүдө. Коомдук илим изилдөө борборунун сурамжылоосуна - калк арасына дегеле баш мыйзам жана анын коомдогу орду туурасында карапайым калктын пикири камтылат. Мониторинг 20- ноябрларда жыйынтыгын чыгарат.